Эмне үчүн Темирлан Султанбеков Бишкектеги шайлоонун жыйынтыгын буздургусу келип жатат?

Жакында болуп өткөн Шаардык кеңештин шайлоо жыйынтыгы боюнча КСДП партиясында ыңгайсыз абал жаралганы тууралуу ишенимдүү булактар кабарлашты.
Аялы маршруткага түшүп жүргөн мурдагы президент Атамбаевди тарапташтарынын калдыктары бүт шаарды каптаган баннерлер менен болуп көрбөгөндөй үгүттөө иштерин жүргүзгөнгө акчаны кайдан табышты деп ойлонуп жатсаңыз керек. Кептин баары бул жаш жигит шайлоо алдында он чакты капчыктууларды социал-демократтага кошулууга ынандыра алган экен.
Темирлан алардын берген акчалары үчүн баарына мандатка ээ болууларына кепилдик берээрин, ошондой эле эски КСДП менен Атамбаевдин жактоочуларынынын добушун алууга жетишээрин убада кылган. Бирок, иш жүзүндө ал электоратты мурдатан эле өлкөдөгү баардык бийлик партияларынын уюткусун түзүп келген лидерлери бар башка күчтүү партиялар тартып алышкан.
Эми болсо шайлоодо караманча утулуп калып, Темирлан өтө ыңгайсыз абалга дуушар болуп турган чагы. Шайлоонун тыянагы үчүн ал акчасын алган абройлуу адамдардын алдында жооп бере албай турат. Социал — демократтардын кандидаттары ага доомат артышып, акчаларыбызды кайра кайтарып бер деп жатышыптыр. А Темирлан болсо ал акчаларды рекламалар менен аянттагы лед-экрандардын арендасына ой келди короткон (партия бүт шаар боюнча мегаборддорду арендага алган, эсиңерде болсо керек алардын тизилип турган сүрөттөрүн, ар бири 5 миң доллардан, баннарелери 1,5 миң, ал эми лед-экрандар 2 миң доллларлардан. Баш-аягы жүзгө жакын баннерлер).
Эгерде социал — демократтардын биринчи ондуккка кирген талапкерлерине көз чаптырып көрсөңөр, СДПКнын эски партиялаштарынын бирин да таппайсыңар — жалаң борбордун бизнесмендери. Темирлан так ошолордон акча жыйнап, аны өзү билгендей короткону айтылат.
Эми башкалардын акчалары үчүн кантип отчет беришти билбей, бул жигит жеткиликтүү добуш ала албай калган партияларга кошулуп алып, шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарууну талап кылып жатат. Эми ал акыр аягына чейин абалды курчутуу үчүн күрөшөт, антпесе бизнесмендердин акчаларын кантип кайтарам деп сарсанаа тартууга мажубур болот.
Ошондуктан Темирлан Бишкектеги гана шайлоонун жыйынтыгына күйүп-бышып жатат, башка шаарлардагы тыянактарга түкүрүп да койбойт. Шайлоо жалгыз эле Бишкекте акыйкатсыз өттүбү? Кайрадан шайлоонун кимге кереги бар? Элдин пикири менен эсептешпеген мындай саясий шылуундардан эл эчак эле тажап, шайлоодон чарчап, бейпил жашоону каалап калды.



