Бишкекте акыркы төрт айда 166 бала жол кырсыгынан жабыркады

Бишкек шаарынын аймагында жыл башынан бери балдар катышкан 150 жол кырсыгы катталып, анда 166 бала жабыркаган. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынын басма сөз кызматы билдирет.

Ошондуктан кайгуул кызматкерлери Бишкек шаарындагы билим берүүчү орто мектептерге барып, алгачкы класстын окуучуларына жол эрежелерин сактоо боюнча үгүт иштерин жүргүзүшүүдө.

“Сабактын жүрүшүндө мектеп окуучуларына үйдөн чыккандан тартып, мектепке келип кетчү аралыкта жөө жүргүнчүлөр үчүн орнотулган жол белгилерине баш ийүү, жол чырактан жана жөө өтмөктөн өтүүдө эки жакты карап, унаанын келүүсүнө көңүл буруу жана унаа каттоочу чоң жолдун ортосун эч убакта кесип өтпөө боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Ошондой эле окуучулар үчүн даярдалган видео роликтер көрсөтүлүп, жол эрежелерин сактоо боюнча эскертме журналдар таратылды”, – деп айтылат маалыматта.