Коом

ИИМ: Мелис Аспековдун кайрылуусу боюнча сотко чейинки өндүрүш башталды

«Facebook» социалдык тармагында  М. Аспековдун кайрылуусу жарыяланып, анда ал учурдагы Кыргыз Республикасынын Президенти 2021-жылдын 10-январында өткөн Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоо алдындагы үгүттөө иштеринде мурдагы президент С. Жээнбековдон  10 000 000 АКШ долларын алгандыгын,   акча каражатын Кыргыз Республикасынын бардык облустарында шайлоо алдындагы үгүттөөгө коротконун билдирген.   Мунун негизинде ал ишенимдүү адамдары тарабынан шайлоочуларды сатып алууну жүргүзүп келгенин дагы кошумчалаган.

2021-жылдын 14-май күнү бул факты КЖБРге катталып, ИИМдин Тергөө кызматы Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин   192-беренесинин 1-бөлүмү (Шайлоочуларды сатып алуу) менен сотко чейинки өндүрүштү баштады.

Азыркы учурда жогорудагы фактылар боюнча зарыл болгон бардык тергөө иш-чаралары жүрүп жатат.

 ИИМдин Басма сөз кызматы

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button