Саясат

Аскар Акаев Кумтөр боюнча түзгөн келишим мамлекетке чыккынчылык кылууга барабар, — Акылбек Жапаров

Кумтөр боюнча 2003-жылы түзүлгөн келишимден кийин көп өтпөй, кыргыз  тарап акциялардын 17 %ин сатып, өз үлүшүн 15,66 %ке түшүрүп салган, деп маалымдады Кумтөр боюнча мамлекеттик комиссиянын жетекчиси Акылбек Жапаров ЖК кезексиз жыйынында.

“Кызык жери сатылган акциялардын баасы жарым жылдан кийин 4 эсеге өскөн, демек, кимдир бирөө инсайдердик маалымат алган, аны пайдаланып мамлекетке таандык акцияларды арзан сатып алып, кайра кымбаттаганда саткан.

2003-жылдагы чечимдин чоо-жайын, логикасын, түпкү мотивдерин түшүнүш үчүн  Кумтөр боюнча козголгон кылмыш иштердин материалдарын окуш керек. Ал иштерди тергөө убагында 2004-жылдын 24-июнунда «Камеко» корпорациясы жана «Центерра» «Кыргызалтын» акционердик коомунун эсебине 11 миллион доллар которгону, 4 күндөн кийин «Кыргызалтындын» ошол кездеги жетекчиси ал акчаны Латвиянын  борбору Ригада жайгашкан  Айдар Акаев контролдук кылган «Эккерд» компаниясынын эсебине мыйзамсыз которгону аныкталган”, — деп билдирди Жапаров.

«Ошол эле жылдын 28 июнунда «Центерра» 3 833 927 акциясын кошумча чыгарып, аны австралиялык «Central Asia Golg Limited» компаниясынын менчигине өткөрөт, ал компания Торонто фондолук биржасы аркылуу бул акцияларды 44,2 млн. АКШ долларына саткан, «Central Asia Golg Limited» компаниясы 2003-2004-жылдары «Ак  жылга», «Турук», «Алтын жылга», «Талды Булак левобережный» кендерине ээлик кылган, бул компания Айдар Акаев менен аффилированный болгон» деп тергөөнүн материалдарында айтылат.

“Саясий коррупция, мамлекеттик коррупция болгонун эске алганда гана, биз 30 жылга жакын мезгилде мамлекет башчылары, өкмөт башчылары Кумтөрдүн кызыкчылыгын коргоп, анын позициясын, абалын күчөткөн, бекемдеген документтерге кол коюп келгенинин чыныгы себебин түшүнө алабыз. Кээ бирлер ойлогондой, алардын баары эле чала сабат, билимсиз адам болгон эмес. Башкаларды  айтпаганда да, Биринчи келишимге кол койдурган, Кумтөр кени Кыргызстанга өтүү мөөнөтү жакындаганда реструктуризация өткөрүү чечимин чыгарган академик Аскар Акаев жасап жаткан иштери Кыргызстандын кызыкчылыгына карама-каршы келээрин, мамлекетке чыккынчылык кылууга барабар болоорун түшүнмөк, билмек”, — деп баса белгиледи Акылбек Жапаров.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button