Кызыктар

35 жаштагы казакстандык келин 10-перзентин күтүүдө

Казакстандын Актау шаарынын 35 жаштагы тургуну 10-перзентин күтүүдө. Анын балдарынын эң улуусу 19 жашта болсо, эң кенжеси 9 айлык. Бул тууралуу Tengrinews.kz inAktau`га шилтеме берип билдирет.

Белгилүү болгондой, Сакен жана Гаухар Ешмухановдор 2001-жылы баш кошушкан. Андан бери үй-бүлөдө төрт эркек жана 5 кыз төрөлгөн. Алардын улуусу 19 жашка келсе, кичүүсү 9 айлык. Жубайлар ошондой эле эгиз балдарды тарбиялап келет. Алардын бирөо кыз экинчиси эркек бала. Азырк үй-бүлө онунчу баласын күтүп жаткан учурчу.

Бош убактысында Гаухар Ешмуханова чыгармачылык менен алектенет. Ал майрамдык иш-чараларда ырдайт.

“Кайненем жана улуу кыздарым балдарды багып, аларга кам көрүүгө жардам беришет. Алардын колдоосунун аркасында өзүмө убакыт таап жатам. Улуулары кичүүлөрүн карап, үй оокаттарына жардам беришет”, — деп билдирген Гаухар Ешмуханова.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button