Коом

Милициянын полковниги Исмайил Сагыналиев каза болгондугуна байланыштуу терең кайгыруу менен көңүл айтабыз

Исмайил Сагыналиев 1979-жылдын 9-январында туулган. ИИОдо өз ишин 2003-жылдан баштап Бишкек шаардык ИИБдин милициянын кайгуул күзөт кызматынын полкунун милиционери кызматынан баштаган. Андан ары ар кандай бөлүмдөрдүн ыкчам кызматтарынын жетекчилик курамында иштеген. 2022-жылы Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Россиядагы өкүлү болуп дайындалган.
Ал кесиптештеринин арасында урмат-сыйга ээ болгон. Кызмат учурунда мамлекеттик жана ведомстволук сыйлыктар менен сыйланган.

Ички иштер министрлигинин жетекчилиги, кесиптештери жана ардагерлери Исмайил Сагыналиевдин туугандарына жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтышат. Анын элеси биздин жүрөгүбүздө түбөлүккө калат.

ИИМдин Басма сөз кызматы

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button