Коом
Эртең, 9-декабрда, Бишкектин бардык мектептеринде жана лицейлеринде сабактар кыскартылат
Бул ЕАЭБ саммитине байланыштуу.
Мындай чечим коомдук тартип жана коопсуздукту камсыздоо үчүн калаа милициясынын суранычы менен мэрия тарабынан кабыл алынган.
«Кортеждердин маршруту боюнча көптөгөн көчөлөр жана проспектилер убактылуу жабылып турат. Ошол эле учурда ата-энелердин жана калаа тургундарынын кечигишинен жана транспорттун кармалышынан нааразычылык пайда болушу мүмкүн», — деп билдирди милициядан.



