Коом

ВИДЕО: Мурдунун учунан алысты көрө албаган Мадумаров

Өткөндө Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Адахан Мадумаров УКМКнын кызматкерлери Баткен облусунда мыйзамсыз иштерди жасап, жергиликтүү дыйкандарга деп келген жер семирткичтерди кармап алып, элге бербей жатат деп айтып чыккан.  Бул тууралуу социалдык желелерде ар кандай талкуулар болгон эле. Бүгүн Фейсбук баракчасына Адахан Мадумаров  айтып, коргоп жаткан аткезчилик фактылары тууралуу видео жарыяланды.

Бул видеодо мындай айтылат:

“Иш жүзүндө, Мадумаров айтып жаткан жер семирткич жүктөгөн унаа УКМК кызматкерлери тарабынан “Развилка” постунан токтотулуп текшерүүгө алынганда жүктүн ээси Лейлек районунун Кулунду айылынын тургуну, Кулунду айылдык кеңешинин төрагасы Орозалиев Шайырбек экендиги белгилүү болгон. Шайырбек Орозалиев жергиликтүү элге аткезчилик менен активдүү алектенген контрабандист катары таанымал. Териштирүү иштеринин жүрүшүндө, Шайырбек Орозалиев унаага жүктөлгөн 25 тонна жер семирткич Кулунду айылындагы жергиликтүү элге таандык экенин, ошолордун суранычы менен ташып бара жатканын айткан. Бирок анын колунда жер семирткичке тиешелүү эч кандай уруксаат кагаздары болгон эмес. Демек бул контрабанда болгон. Бул боюнча Кулунду айыл өкмөтүнүн башчысы Маликов да Шайырбек Орозалиевге таандык “Кайоглы-Эрташ” фирмасы менен Кулунду айыл өкмөтүнүн ортосунда жер семирткичке байланыштуу эч кандай келишим болбогонун билдирген маалымдама берген. Тагыраагы Кулунду айылындагы дыйкандарга жер семирткич керек эместигин айткан.  Андан соң бул ишке кайдан жайдан КАПУ, же чечмелеп айтканда Жер семирткич жеткирүүчүлөрдүн Кыргыз Ассоциациясы аралашкан. Ассоциациянын сунушу менен Шайырбек Орозалиев башында айткан сөзүнөн танып, унаадагы жер семирткичти Баткен районунун Дара айылынын тургундарына таандык деп билдирген жана бул боюнча Дара айылынын башчысы Мисиралиевдин колу менен бекитилген 25 адамдын тизмесин алып келген. Ушундан соң тизмедеги 25 адам УКМК кызматкерлеринин көзөмөлү астында “Развилка” постунда турган жер семирткичти алып кетишкен.

Бул жерде чымындан төө жасаганды жакшы өздөштүргөн Мадумаров окуянын чын-төгүнүн тактабай эле, көбүртүп-жабыртып сүйлөп, анын арты менен өзүнө саясий упай топтогусу келип жатканы сокурга деле көрүнүп турат. Ошондой эле, Маудмаровдун Баткен облусунун аймактарындагы ички станционардык постторду алып салуу керек деген сөзүнө Баткендиктер нааразы болуп жатканын айта кетүүбүз абзел.

Анткени чек арага чектеш жайгашкан бул аймакта аткезчилик өнүккөн. Анын арты менен бир ууч гана адам пайда таап, ал эми мамлекет миллиондогон каражаттан кол жууп келгени эч кимге деле жашыруун эмес. Экинчиден аткезчиликтин кесепети өлкөдөгү тамаш-аш коопсуздугуна, күйүүчү-майлоочу майлардын таңсыктыгына да кедергисин тийгизбей койбойт. Бул жагдайларды эске алсак,  стационардык посттордун ишке кирүүсү өзүнүн жемишин берүүдө. Болгону буга чейин аткезчилик менен эсепсиз пайда тапкан айрым адамдардын каржы булагы буулуп, алар өздөрүнүн кызыкчылыгын көздөп, бизнестерин улантуу үчүн Мадумаровго окшогондорду пайдаланып, алардын арты менен максаттарына жетүүнү көздөшүүдө.  Ал эми Мадумаров бул нерселердин күнгөй-тескейин талдабай эле, оюна келгенди удургутуп, эптеп элди бийликке каршы коюунун камын жеп жатат,»- деп айтылат видеодо.

Бул шилтемеден видеону толук көрө аласыздар:

https://www.facebook.com/watch/?v=433762661921007&extid=CL-UNK-UNK-UNK-AN_GK0T-GK1C&ref=sharing

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button