Коом

Жаратылышка чыгып эс алуунун маалы келди. Эске алчу нерселер

Ооруну алдын алуу жана санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаменти жаратылышка чыгып эс алуунун убагы келгенин айтып, ден соолукка зыян келтирип албаш үчүн бир нече эрежени эске салды.

Маалыматта кененин кооптуулугу белгиленген.

Биринчи кезекте жеңи, багалеги узун кийим-кече кийүүнү унутпаңыз. Курт-кумурскалардан сактай турган ар кандай репеленттерди салып коюу керек. Мындай табигый жана синтетикалык каражаттар терини, ошондой эле кийимди да коргоого жардам берет.

Талаада же токойдо болуп келсеңиз, сөзсүз кененин бар-жогун текшерип чыгуу зарыл. Эгер кене чакканы аныкталса аны чыгарууга аракет кылып, этиңиз ооруксунуп турса дарыгерге кайрылуу шарт.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button