Коом
Кыргызстан Германиядан экинчи жаңы Airbus H145 тик учагын сатып алды

Тик учак бюджеттин эсебинен алынып, ӨКМдин балансына өткөрүлдү. Аны биринчилерден болуп Садыр Жапаров сынап көрдү.
«Airbus H145 акыркы үлгүдөгү навигациялык жабдуулар, жол кыймылын билдирүү системасы жана абаны тазалоонун кошумча системасы менен жабдылган техника. 8 жүргүнчү отургучка ылайыкталган«, — деп айтылат билдирүүдө.
Аны ӨКМден тышкары, акысын төлөп, каалагандар пайдаланса болот. Акча бюджетке түшөт.
@user2




