Коом
27-майга карата аба ырайы

Бүгүн, күндүз көпчүлүк аймактарда жамгыр жаап, айрым жерлерде нөшөр болушу болушу мүмкүндүгүн Кыргыз гидрометеорология кызматы билдирди.
Абанын температурасы Чүй, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +24…+29, Талас жергесинде +20…+25, Ысык-Көл аймагында +18…+23, Нарында +17…+22 градус болот.
Күндүн табы борбор калаа Бишкекте жана Ош шаарында +26…+28 градуска чейин көтөрүлүп, күндүз күн күркүрөп, жамгыр төгүшү ыктымал.



