Коом

Мыйзам долбоору: милиция кызматкерин видеого тартканга болбойт

Бул мыйзам кабыл алынса, милиция кызматкерлерин видеого тартып, соцтармактарга жарыялагандар жоопко тартылышат.

ЖК депутаттары милиция кызматкерлерин видеого тартып таратууга тыюу салган мыйзам долбоорун сунуштоодо. Демилгечилердин айтымында укук коргоо органдарынын ишине кийлигишип, шылдыңдаган жана баш ийбеген учурлар арбып баратат. Ошондой эле алардын кадыр-баркына шек келтирген видеолор тартылып, соцтармактарга тарап жатат.

Ошондой эле бул документте тез жардам кызматкерлерине, врачтарга, өрт өчүргүч ж.б. кызматтын өкүлдөрүнө карата да бейбаштык учурлар белгиленген. Кызматтык милдетин аткарып жаткан адамдарга карата бейбаштык кылгандардын жоопкерчилигин күчөтүүнү депутаттар сунуштады.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button