Күйөөсүн өлтүргөн аялга сот чечими чыкты

Ош шаардык соту эркек кишинин өлүмү боюнча өкүмүн чыгарды. Ага ылайык, 1991-жылы туулган П.Г. аттуу аял Кылмыш жаза кодексинин 138-беренеси Денеге катуу залал келтирүү беренеси бюнча айыпталып, 9 жылга кесилип, 90 миң сом өлчөмүндө айыпка жыгылды.
Ал эми анын балдарын Ош шаарынын социалдык өнүгүү башкармалыгына соттолуучунун жашы жете элек балдарын анын туугандарына камкордукка алдыруу тапшырылган.
Белгилесек, былтыр 2019-жылы 19-ноябрда 46 жаштагы И.У. аттуу эркек киши башка чабылган арматурадан улам каза болгон. Анын аялын жерге берүү зыйнаты учурунда кармашкан. Маалымат боюнча жубайлар алты жыл чогуу жашашкан. Эки кызы бар.
Сурак учурунда аял күйөөсү менен чырдаша кетишкен. Ал күнү күйөөсү үйгө келип бутун чечип жатканда аялы арматура менен башка чапкан. Коңшусу тез жардам чакырган. Алгач аял күйөөсү үйгө башынан жаракат алып келгенин айткан.
Маркум коомдук транспортто айдоочу болчу.
Abal.kg



