Коом

Екатеринбургда баласын сатууга аракет кылган кыргыз келинге сот өкүмү чыкты

11:47 28.04.2023

Екатеринбургда сот тарабынан 25-апрелде Кыргыз жараны 7 жашар уулун сатууга аракет кылган деген айып менен 5 жылга эркинен ажыратылды. 

«Комсомольская правда» билдиргендей, ал Орусиянын Кылмыш-жаза кодексинин 127.1-беренеси (жашы жете элек баланы сатуу) боюнча күнөөлүү деп табылды.

Екатеринбургда 37 жаштагы Наргиза аттуу аялдын баласын 300 миң рублга сатууга аракет кылганы маалым болгон. ТИМден окуя тууралуу маалымат беришип, келиндин Кыргыз жараны экенин билдиришкен. Ал камакка алынып, уулу балдар үйүнө жөтөтүлгөн. Андан соң баланын Кыргызстанга жөнөтүлөрү маалым болгон. Келиндин курбусу «Наргизанын туугандары Кыргызстанда жашашат. Алар дайыма чалып, акча сурашат. Алардын кредити бар экен. Мен так билбейм, бирок ал туугандарына жардам бергиси келсе керек, бирок өзүлөрү жакшы турушат», — деген.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button