Коом

Айыл өкмөт жана мэрия кызматкерлеринин айлыгы жогорулайт

Айыл өкмөттөрүндө жана мэрияларда иштеген айрым кызматкерлердин айлыгы сентябрдан тарта 40-45 миң сомго чейин көбөйүшү мүмкүн. Бул тууралуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча агенттиктин өкүлү Мыктыбек Өмүрзаков билдирди.

Анын айтымында, буга кызматтык маянага 50 пайызга чейин үстөк кошулуп, мындан тышкары, ай сайын 15 миң сомдук президенттик компенсациялык төлөм берилиши себеп болот.

«Буга чейин иштин татаалдыгы үчүн айыл өкмөттөрдүн жана мэриялардын кызматкерлерине 10 пайызга чейин, мамлекеттик органдардын аймактык түзүмдөрүндө иштегендерге 25 пайызга чейин үстөк төлөнчү. Эми анын көлөмү кызматтык маянанын 50 пайызына чейин көбөйтүлдү. Мындан тышкары, кызматкерлерге 15 миң сомдон президенттик компенсациялык төлөм кошулат», — деди Өмүрзаков.

Ал белгилегендей, натыйжада азыр 21-22 миң сом алган айыл өкмөт кызматкеринин айлыгы 40-45 миң сомго чейин жетиши мүмкүн. Өмүрзаков айлык орточо 74 пайызга жогорулап, бардык төлөмдөрдү кошкондо дээрлик эки эсе көбөйөрүн белгиледи.

«Бирок 15 миң сомдук кенемте өргүү акчасын жана пенсияны эсептөөдө эске алынбайт», — деди мамкызматкер.

Белгилей кетсек, президент Садыр Жапаров аймактарда иштеген айрым мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлерге 15 миң сомдон компенсациялык төлөм берүү тууралуу жарлыкка кол койгон. Ага ылайык, кызматкерлерге ишинин татаалдыгы, сапаты, натыйжасы, кесиптик демилгеси жана ченемге салынбаган иш режими үчүн кызматтык маянасынын 50 пайызына чейин үстөк акы төлөнүшү мүмкүн.

Тектеш кабарлар

Back to top button