Коом
Бишкек менен Чүйгө сорттолгон таза көмүрлөр сатылат

Быйылкы жылдын эсебинен Бишкек менен Чүйгө сорттолгон таза көмүр сатылат. Бул тууралуу “Кыргыз көмүр” ишканасынын директору Кайрат Маматов билдирди.
Анын айтымына караганда, көмүрдүн сорттолгон түрү кезек болот.
“Мисалга алсак, Кара-Кеченин майда көмүрү жакшы күйбөйт. Акылдуу мештерде аба үйлөгөндө кара түтүн көп чыгат. Бишкектеги ышты изилдегенде 40 пайызы жеке турак жайларга тийиштүү экени айтылган. Ал эми Бишкек ЖЭБиндеги жаңы технологиялар менен салынган жаңы блоктон таза ыш чыгат. Алдыда сорттоочу комплекстерди дагы кошобуз. Биздин көмүр 200 сомго кымбатырак болсун, бирок майда көмүр эмес, кезек көмүр жүктөп беребиз да. Сорттоочу комплекстерде көмүрдүн майлары өзүнчө бөлүнөт.”, — деп билдирди Кайрат Маматов .



