Коом
13-февралга карата өлкөдө күтүлгөн аба-ырайы
Бүгүн өлкөнүн көпчүлүк аймагында жаан, кар жаашы күтүлөт.
Синопниктер абанын температурасы Чүйдө 7…9, Таласта 4…9, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында 11…16, Ысык-Көлдө 1…6 градус жылуу, Нарын аймагында -1…-6 градус суук болорун билдирди.
Ал эми Бишкекте күндүн биринчи жарымында жаан, кар жаашы божомолдонуп, күндүн табы 7…9 градус болору айтылды. Ош шаарында күн ачык болот, абанын температурасы 14…16 градуска жетет.



