Кыргызстанда киши өлтүрүп, каракчылык кылган адам Россиядан кармалды

Бул тууралуу ИИМден билдиришти.
Маалыматка ылайык, шектүү кеминде эки кылмышка тиешеси бар экени аныкталган.
«2019-жылы ок атуучу курал менен Ош шаарынын Кулматов көчөсүндө М. Н. аттуу жаран сабалып, ур-токмокко алгандар окуя болгон жерден качып кетишкен. Ошол эле жылдын 23-октябрында «Манас» аэропортунун унаа токтотуучу жайындагы машинанын багажнигинен колу-буту байланган, дайынсыз жоголгон кишинин сөөгү табылган. Ал ири суммадагы акча каражатын ташып жүргөнү аныкталган. Кылмышка Ош шаарынын А.М. аттуу 33 жаштагы тургунунун тиешеси бар экени белгилүү болгон», — деп айтылат маалыматта.
Шектүү Россиядан экстрадицияланып, «Каракчылык», «Адам өлтүрүү» жана «Уюшкан кылмыштуу топ түзүү же ага катышуу» беренелери боюнча айыпталып, иш соттук кароого жөнөтүлгөн.



