Коом
Академик Аманбек Жайнаков каза болду

Академик Аманбек Жайнаков каза болду. Бул тууралуу Энергетика министрлигинен билдиришти.
Аманбек Жайнаковду акыркы сапарга узатуу иш-чарасы 10-мартта саат 10:00дө Улуттук илимдер академиясында өтүп, «Ала-Арча» көрүстөнүнө коюлат.
Аманбек Жайнаков 1941-жылы Талас облусунда төрөлгөн.
Кыргыздын белгилүү физик окумуштуусу, физика-математика илимдеринин доктору, академик.



