Коом
Президент Садыр Жапаров Россияга иш сапары менен барды

Садыр Жапаров Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмунун (ЖККУ) Жамааттык коопсуздук кеңешинин кезектеги жыйынына катышуу үчүн Москва шаарына (Россия Федерациясы) барды.

Мамлекет башчысынын учагы “Внуково-2” эл аралык аэропортуна конду. Аны Россия Федерациясынын тышкы иштер министринин орун басары Александр Панкин тосуп алды.

Эске сала кетсек, ЖККУнун Жамааттык коопсуздук кеңешинин жыйынынын жүрүшүндө уюмга мүчө өлкөлөрдүн лидерлери эл аралык жана аймактык коопсуздуктун актуалдуу маселелерин, сессиялар аралык мезгилдеги уюмдун ишмердүүлүгүнүн жыйынтыктарын, ошондой эле жамааттык коопсуздукту чыңдоо боюнча мындан аркы чараларды талкуулашат.



