Коом

Тумоологондор 3 эсеге көбөйдү. Мектептердеги карантин узартылышы мүмкүн

Өлкөдө КРВИ менен сасык тумоонун өсүүсү уланууда. Бул тууралуу Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинин директору Султан Абдыкадыров журналисттерге билдирди.

Анын айтымында, өткөн аптага караганда тумоологондор 3 эсеге көбөйдү. «12-декабрдан 18-декабрга чейинки аралыкта КРВИ жана сасык тумоонун 44 миң 106 учуру катталды. Ага чейинки аптада 14 миң 78 учур катталган болчу. Бардык оорулуулардын 72 пайызын 14 жашка чейинки балдар түзөт», — деди ал.

Султан Абдыкадыров мектептердеги карантин экинчи чейректин аягына чейин узартылышы мүмкүндүгүн жокко чыгарган жок.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button