Спорт
Бишкекте спорттун жети түрү боюнча спартакиада өтүүдө

Бишкекте К. И. Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университетинин спорттук базасында «Ден соолук» спартакиадасы өтүүдө, деп билдирет Дене тарбия жана спорт агенттигинин басма сөз кызматы.
Спартакиадада спорттун 7 түрү боюнча оюндар өтүүдө:
• Футзал;
• Стритбол;
• Тогуз коргоол;
• Стол үстүндөгү теннис;
• Волейбол;
• Шахмат;
• Ордо.
Спорттук иш-чара 13-февралда башталды, 27-февралда жыйынтыкталат.



