Окуялар

ВИДЕО: Чүй облусунунда баңгизат ташыган аял кармалды

Кыргыз Республикасынын ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын кызматкерлери тарабынан Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Бажы кызматынын кызматтык-издөөчү иттеринин жардамы менен Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 282 — (Баңгизат каражаттарды, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатуу максатында мыйзамсыз даярдоо) беренесинин 3-бөлүгүндө каралган кылмыштын белгилери боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында, ыкчам маалыматтарга ылайык Чүй облусунун Чүй районундагы “Сосновка” постунан «Хонда Фит» үлгүсүндөгү унаада баңгизаттарды ташып бара жаткан жүргүнчү токтотулган.

Аталган  унаага тинтүү жүргүзүү учурунда өзгөчө жыты бар, кочкул күрөң түстөгү зат табылып алынган. Жүргүзүлгөн экспертизанын корутундусуна ылайык, бул зат 1 кг 5 гр. салмактагы «гашиш» баңги каражаты болуп аныкталган.

Кармалган жаран 1974-ж.т., К.К. аттуу Токтогул районунун Кызыл-Өзгөрүш айылынын тургуну болгондугу аныкталган.

Азыркы учурда аталган жаран тергөө изоляторуна киргизилип, тергөө аракеттери жүргүзүлүүдө,- деп айтылат ИИМдин Басма сөз кызматы билдирген маалыматта.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button