Коом

Ысык-Көл облусунда жалпы баасы 75 млн сомдон ашкан социалдык объекттер мамлекетке кайтарылды

Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунда жалпы баасы 75 миллион сомдон ашкан социалдык багыттагы объекттер мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу прокуратура органдары маалымдады.

Көзөмөл органының маалыматына ылайык, мамлекеттик менчик жөнүндө мыйзамдардын сакталышын текшерүү учурунда «Алтын-Булак» санаторийи мыйзамсыз түрдө 1993-жылы жеке менчикке өткөрүлүп берилгени аныкталган. Аталган санаторий төрт корпустан туруп, 2 гектар жер тилкесинде жайгашкан.

Мындан тышкары, 2021-жылы Каракол айыл аймагынын аймагында жайгашкан 0,51 гектар жер тилкесин берүүдө да ушундай эле мыйзам бузуулар аныкталган. Такталгандай, эки объект тең мыйзам талаптарын бузуу менен менчиктештирилген.

Көрүлгөн прокурордук чаралардын жыйынтыгында базар баасы 71,6 миллион сом болгон санаторий жана 3,43 миллион сомдук жер тилкеси мамлекеттин менчигине кайтарылды.

Тектеш кабарлар

Back to top button