Бишкекте энеси менен балдарынын өлтүрүлүшү боюнча жаңы жагдайлар

Бул тууралуу шаардык милициянын башчысы Азамат Ногойбаев АКИpress агенттигине айтып берди.
Эске салсак, 16-февраль күнү 5-кичи райондо 51 жаштагы аял менен анын 17 жаштагы кызы жана кичинекей уулу киши колдуу болгон. Шектүү катары 37 жаштагы А.Ч. кармалган.
▪️Шектүү менен аял мас болушкан, экспертизанын жыйынтыгы бар. Батирде столдун үстүнөн бөтөлкөлөр табылды. Кийин экөө уруша кетишкен
▪️Шектүү мурда соттолгон эмес, спортчу, ЖК депутаттыгына талапкер болгон
▪️Кошуналар эмерек ары-бери жылдырылып, ызы-чуу, кыйкырык болуп жатканын угушкан. Кыз терезеден секиргенде машинанын сигнализациясы дагы иштеген
▪️Бирок буга анча маани беришпей, үй комитетинин жетекчисине кечирээк айтышкан. Домком жумуштан келгенден кийин видеокамераларды карап, райондук милицияга кабарлаган. Милиция менен ӨКМдин кызматкерлери келип, батирди ачып, 3 адамдын сөөгүн табышкан
▪️Шектүү таңкы саат төрттө өз үйүндө кармалган. Ал каршылык көрсөткөн эмес
▪️Милиция башчысы калаа тургундарына кайрылып, кошуналар ызы-чуу болсо, милицияга кабарлоого чакырды.



