Дүйнө

Эр-Риядда Россия менен АКШнын сүйлөшүүлөрү башталды

Россия менен АКШнын делегациялары Сауд Арабиянын борборунда расмий сүйлөшүүлөрдү баштады. Сүйлөшүүгө Орусия тараптан Тышкы иштер министри Сергей Лавров жана Путиндин жардамчысы Юрий Ушаков катышууда. АКШ командасында мамлекеттик катчы Марко Рубио, ЦРУнун башчысы Джон Рэтклифф, улуттук коопсуздук боюнча кеңешчи Майк Уолц жана атайын кабарчы Стив Уиткофф кирди.

Юрий Ушаков сүйлөшүүлөргө Орусиянын түз инвестициялар фондунун башчысы КириллДмитриев кошулуп, экономикалык маселелерди талкуулашы мүмкүн экенин белгиледи.

Жолугушууну өткөрүү 12-февралда Орусия жана АКШ президенттери Владимир Путин менен Дональд Трамптын телефон аркылуу сүйлөшүүсүнөн кийин чечилген.

Буга чейин Владимир Зеленский Украинанын катыштыгысыз кабыл алынган чечимдерди тааныбай турганын айткан.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button