Коом

2022-2023-окуу жылында Кыргызстандын мектептери 5 күндүк окууга өтүшү керек

2022-2023-окуу жылында Кыргызстандагы бардык мектептер, анын ичинде менчик билим берүү мекемелери беш күндүк окууга өтүшү керек. Мындай чечимди Билим берүү жана илим министрлиги кабыл алган.

«Белгилей кетчү бир учур бар. Гимназия жана лицейлерде тандоо предметтери болгондуктан алар сабактан кийин же окуу жүктөмү 30 сааттан ашса жуманын алтынчы күнү өтүлсө болот», — деп айтылат маалыматта.

Быйыл Кыргызстанда окуу жылы 1-сентябрда башталып, 25-майда бүтөт.

Окуу жылынын узактыгы каникулду кошпогондо төмөндөгүдөй болот:

Биринчи класс — 33 жума;

2-8 жана 10-класс — 34 жума;

9 жана 11-класс экзамендерди кошкондо — 36 жумага чейин.

Ал эми каникулдар жылына 30 күндөн кем болбошу керек.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Кийинкини кара
Close
Back to top button