Юстиция министрлигинде «өсүү жана жумуш менен камсыз кылуу» маселелери боюнча форум өттү

2025-жылдын 5-июнунда Дүйнөлүк Банктын Кыргыз Республикасындагы өкүлчүлүгүнүн колдоосу менен Кыргыз Республикасынын Президентинин алдындагы Стратегиялык демилгелер улуттук институту жана Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги тарабынан Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги менен өнөктөштүктө Өсүү жана жумуш менен камсыз кылуу маселелерине арналган форум өткөрүлдү.

Форум Кыргызстандын экономикасын өнүктүрүүнүн стратегиялык багыттарын талкуулоо үчүн маанилүү аянтчага айланды. Анын өзөгүн мамлекеттик башкарууну дебюрократташтыруу чаралары жана өндүрүмдүүлүктү жогорулатууга, жумуш орундарын түзүүгө жана ишкерлик үчүн жагымдуу чөйрө түзүүгө багытталган түзүмдүк реформаларды ишке ашыруу маселелери түздү.

КР Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Аяз Баетов мамлекеттик башкарууну дебюрократташтыруу боюнча негизги жетишкендиктерди белгилеп, Юстиция министрлиги реформаларды укуктук жактан камсыз кылуу иштерин координациялоону жана Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Стратегиялык демилгелер улуттук институту, мамлекеттик органдар, бизнес жана эл аралык өнөктөштөр менен биргелешип иш алып барууну улантарын билдирди.

Панелдик талкуунун жүрүшүндө өкмөттүн, эл аралык уюмдардын, жеке сектордун жана эксперттик коомчулуктун өкүлдөрү реформаларды тездетүү жана алардын практикалык жүзөгө ашырылышын күчөтүү жолдорун талкуулашты. Дүйнөлүк банк 2025–2030-жылдарга карата Орто мөөнөттүү өнүгүү стратегиясын камтыган стратегиялык документтердин негизи болгон Өлкөнүн экономикалык меморандумун сунуштады.
Форум мамлекеттик башкарууну дебюрократташтыруу жана модернизациялоону Кыргыз Республикасынын туруктуу өсүшүнүн жана инвестициялык жагымдуулугунун ачкычы катары мындан ары да колдоого алуу ниеттерин билдирүү менен жыйынтыкталды.



