Коом

Чүйдө милиция кызматкерлеринин гарнизондук саптык кароосу өткөрүлдү

2024-жылдын 3-июнь күнү кыргыз милициясынын түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына карата Токмок шаарынын борбордук аянтында Чүй облусунун ички иштер органдарынын гарнизондук саптык кароосу болуп өттү.


Бул иш-чарага Чүй ОИИББнын башчысы милициянын полковниги Каныбек Абдырахманов, анын орун басарлары, аппараттын башкармалык жана кызмат башчылары, ЖКККБнын жана шаардык, райондук ички иштер бөлүмдөрүнүн башчылары катышышты.
Гарнизондук саптык кароого Чүй ОИИББнын жана ШРИИБдин, Кыргыз Республикасынын ИИМдин Атайын багыттагы полкунун Чүй облусу боюнча Атайын операция отрядынын жана Чүй ОИИББнын Милициянын кайгуул күзөт кызматынын өзүнчө батальонунун өздүк курамдары тизилишти.
Өздүк жана жетекчилик курамдын кызматка даярдыгы, кызматтык формаларынын талапка ылайыктуулугу текшерилип, кызматтык унаалардын абалы да кароодон өткөрүлдү.
Ошондой эле, бул иш-чарада спорттук мелдештерде жана кылмыштуулук менен күрөшүүдө жетишкен ийгиликтери үчүн милициянын кээ бир кызматкерлери медалдар жана Ардак грамоталар менен сыйланышты.
Өздүк курамдын алдында сүйлөп жатып, Чүй ОИИББнын башчысы милициянын полковниги Каныбек Абдырахманов коомдук тартипти сактоодо негизги жоопкерчилик ички иштер органдарына жүктөлөрүн баса белгилеп, коомдук тартипти камсыз кылуу жана кылмыштуулук менен күрөшүү боюнча милдеттердин так аткарылышын, жарандардын укуктарын сактоо менен бирге, мыйзам чегинде иш алып баруу тапшырмасын койду.
Гарнизондук саптык кароо Чүй облусунун ИИОнын өздүк курамынын салтанаттуу маршы менен аяктады.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button