Коом
Акылбек Жапаров Кытай — Кыргызстан — Өзбекстан темир жол долбоорунун маанилүү деталдарын айтып берди

▪️Жүктөө пунктун Казарманга куруу пландалууда. Жапаровдун айтымында, Казарманга чейин темир жол тар (Кытай стандарты) болот, андан кийин Өзбекстанга кең жол курулат. Бул Кыргызстандын аймагындагы темир жолдун жарымы гана Кыргызстанга көнүмүш Россия стандарты боюнча болот дегенди билдирет
▪️ 17-19-майда президент Садыр Жапаров Кытайга иш сапары менен жөнөйт, деп билдирди министрлер кабинетинин башчысы. Ал жерде үч өлкөнүн лидерлери долбоорлорду каржылоо моделдерин беките алышат
▪️Долбоордун суммасы такталууда, бирок болжол менен 3-5 млрд долларды түзөт
▪️Кыргызстандын аймагында 57 км туннель төшөлөт



