Коом

Эскертүү! Тоолуу аймактарда кар көчкү түшүп, күрткү пайда болушу мүмкүн

20-декабрдан 22-декабрга чейин Кыргызстандын тоолуу аймактарында кар көчкү түшүп, күрткү пайда болушу мүмкүн. Бул тууралуу ӨКМнен кабарлады.

Автоунаа жолдорунун төмөнкү тилкелеринде кооптуу абал сакталууда:

Бишкек — Ош жолунун 121–138 (Төө-Ашуу ашуусу), 198-255-чакырымдары (Ала-Бел ашуусу, Чычкан капчыгайы);

Ала-Бука — Каныш-Кыя жолунун 68-74, 86-101-чакырымдары (Чапчыма ашуусу);

Красная Горка — Ак-Таш жолунун 0-3-чакырымдары;

Мырзаке — Кара-Кулжа — Алайкуу жолунун 65–110-чакырымдары;

Каракол — Эңилчек жолунун 45–90-чакырымдары (Чоң-Ашуу ашуусу);

Балыкчы — Казарман — Жалал-Абад жолунун 326–349-чакырымдары (Көк-Арт ашуусу).

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги транспорт каражаттарынын ортосундагы аралыкты 500 метрден кем эмес сактоо зарылдыгын эскертет. Өзгөчө кырдаалдар келип чыккан учурда 112 номерине чалыңыз.

Тектеш кабарлар

Back to top button