УКМК Балыкчы шаарынын ички иштер бөлүмүнүн башчысы Осмонбаев Бектур Казакович издөөгө алынды

2024-жылдын 26-январында, Балыкчы ШИИБнүн кызматтык унаасынын катышуусундагы жол-транспорт кырсыгы фактысы боюнча, шаардык прокуратура тарабынан КР Кылмыш-жаза кодексинин 144-беренесинин 2-бөлүгүндө каралган кылмыштын негизинде кылмыш иши козголду.

2024-жылдын 27-январында ички иштер органдарынын кызматкери жана ведомстволук транспорт каражаттары катышкан кылмышты объективдүү жана ар тараптуу иликтөөнү камсыз кылуу максатында, Кылмыш ишин тергөө Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетине өткөрүлдү.

Кылмыш ишинин алкагында жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жыйынтыгы менен, УКМК Балыкчы шаардык ички иштер бөлүмүнүн башчысы Осмонбаев Бектур Казаковичке издөө жарыялады.

Издөөдө жүргөн Б.К.Осмонбаевдин жүргөн жери тууралуу маалымат болсо, КР УКМКнын Ысык-Көл облусу боюнча башкармалыгына, Каракол шаары, Кутманалиев көч., 148а дарегине, же 0(3922) 51180 жана 0(555)540052 телефондоруна кайрылыңыздар.



