Окуялар

Элдар Жакыпбеков баштаган топко УКМКнын Ички коопсуздук кызматы кызматтык иликтөө жүргүздү

Аскер прокуратурасы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 336-беренесинин 1-бөлүгү «Коррупция» боюнча кылмыш иши козголуп, УКМКнын Бишкек шаары боюнча башкы башкармалыгынын мурдагы башчысы, подполковник Ж.Э.Ж. тарабынан УКМКнын кызматкерлеринен жана жарандардан турган туруктуу коррупциялык топ түзүлүп, жеке баюу максатында иш алып барган деп шектелип, 5 адам кармалган.

Аларга карата Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту тарабынан Бишкек ШИИБдин убактылуу кармоочу жайына жана Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин алдындагы Жаза аткаруу кызматынын №21 тергөө абагына камакка алуу боюнча баш коргоо чарасы тандалган.

Жогоруда айтылган фактылардын негизинде, УКМКнын Ички коопсуздук кызматы кызматтык иликтөө жүргүзүп, анын натыйжасында:

— 6 кызматкер улуттук коопсуздук органдарынан бошотулган.

— 6 кызматкер ээлеген кызмат ордунан алынып, КР УКМКнын карамагына чыгарылды.

— Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинде кызмат өтөөгө 1 талапкер четтетилди;

— Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин 8 кызматкерине тартиптик жаза чаралары көрүлдү.

Жогоруда айтылган коррупциялык топко тиешеси бар КР УКМКнын башка кызматкерлерин аныктоо боюнча иштер уланууда.

Тектеш кабарлар

Back to top button