Коом

Лейлекте элдин ишенимине кирип алдоо жолу менен мал сатып алып, акчасын бербей качып жүргөн жаран кармалды

Лейлек районунун тургундары Раззаков шаарындагы мал базарда 2023-жылдын октябрь айынан бери К. аттуу жаран алардын ишенимине кирип, кардар катары бодо малдарын баалашып, бааланган сумманын аз бөлүгүн берип, калган сумманы бербей изин жашырып кеткендигин билдирип арыз менен кайрылган.

Лейлек РИИБне жалпысынан бул багытта 4 арыз түшүп, Кыргыз Республикасынын кылмыш жаза кодексинин 209-беренеси (Алдамчылык) менен кылмыш иши козголуп, К. аттуу жаранга издөө иши ачылган.
  
Тергөө иштеринин жүрүшүндө издөөдө жүргөн жаран жабырлануучуларга жалпысынан 350000 (үч жүз элүү миң) сом өлчөмүндө зыян келтиргендиги такталган.
   


Лейлек РИИБдин ыкчам кызматкерлери ыкчам-иликтөө иштеринин жүрүшүндө кылмышка шектүү Баткен шаарынын 46 жаштагы тургуну Т.Кны Бишкек шаарында качып жүргөн жеринен аныктап, кармап келишти.

Учурда кылмышка шектүү жаран убактылуу кармоо жайына киргизилип, тергөө иштери уланууда.

Ал эми жогорудагы жарандан жабыр тарткан жарандар болсо 102, 03656 5 00 39, 0779-14-97-01 номерлерине кайрылсаңыздар болот.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button