Коом

Сокулукта кошунасынын колун байлап сабаган деген шек менен жаран кармалды

2022-жылдын 8-июнунда Сокулук РИИБдин нөөмөт бөлүмүнө Күн-Туу айылы тараптан, ар кандай жаракаттары бар, колу байланган жаран табылгандыгы тууралуу маалымат түшкөн.

Алынган маалымат боюнча, ыкчам-тергөө тобу дароо барып,  бул жаран 1977-жылы туулган Т.М., экендигин аныктаган. Милиция кызматкерлери бул жаранга алгачкы медициналык жардам көрсөтүп, андан соң аймактык ооруканага жеткиришкен.

Аталган факт КР Кылмыш-жаза кодексинин 130-беренесинин (Ден соолукка оор залал келтирүү) негизинде кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталган.

Чүй ОИИБдин кылмыш иликтөө бөлүмүнүн жана Сокулук РИИБнин кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө бул кылмышка шектүү делип Б.Н. атту жаран колго түшүрүлгөн.

Иликтөө иштеринин жүрүшүндө, бул окуя кошуналардын ортосундагы чыр-чатактан улам болгону аныкталган. Учурда кармалган адам Сокулук райондук ИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилип, бардык керектүү экспертизалар дайындалып, сотко чейинки териштирүүлөр уланууда.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button