Коом

Кыргызстанда балмуздак азыраак өндүрүлө баштады. Статистика

Кыргызстанда сүт азыктарын өндүрүү көбөйдү. Мындай тыянакты Улуттук статистикалык комитеттин маалыматына таянып чыгарууга болот. 

Маалыматка ылайык, айран жана йогурт өндүрүү эң көп, 1,5 эсеге өскөн. Алсак, 2023-жылдын беш айында 8,2 миң тонна айран өндүрүлгөн болсо, быйылкы жылы бул көрсөткүч 12 миң тоннага жетип, йогурт өндүрүү 512,8 тоннадан 730,9 тоннага өскөн. 

Сыр жана сүт өндүрүү да тиешелүү түрдө 1,1 эсе жана сүт 1 эсе көбөйдү. Ошону менен бирге балмуздак, май жана быштак өндүрүү азайган.  

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button