«Сулайман-Тоо» администрациясы таштарга жазуу жана сүрөт тартууга тыюу салынганын эскертти

«Сулайман-Тоо» тарыхый-археологиялык музей комплексинин администрациясы зыяратчыларга тарыхый эстеликтин таштарына жазуу жана сүрөт тартууга тыюу салынганын эскертти.
Мекеме ошондой эле мамлекет тарабынан корголгон тарыхый, маданий же жаратылыш объектилерин булгоо мыйзам боюнча жоопкерчиликке алып келерин билдирди.
Мыйзамга ылайык, коомдук жайларда жазууларды, сүрөттөрдү түшүрүү же мүлккө зыян келтирүү үчүн 20 миңден 50 миң сомго чейин айып пул, 6 айдан 1 жылга чейин эркиндигин чектөө же 40тан 100 саатка чейин коомдук жумуштарга тартуу каралган.
Жыл сайын «Сулайман-Тоо» комплексине болжол менен 300 миң турист келет, алардын ичинен 7 миңге жакыны чет элдик жарандар.
Сулайман-Тоо — Ош шаарынын башкы көркөм жана тарыхый жайларынын бири. 2009-жылы Кыргызстандагы ЮНЕСКОнун Дүйнөлүк мурастар тизмесине кирген биринчи объект болгон.



