Окуялар

Өлкө аймагына мыйзамсыз 2,2 млн сомдук косметика ташылып келген

Рейддик иш-чаралардын жүрүшүндө өлкө аймагына мыйзамсыз алып кирүүгө аракет кылынган 2,2 млн сомдон ашык суммадагы косметикалык каражаттар жана керектөөчү товарлар аныкталды.

Мамлекеттик салык кызматынан билдиришкендей, жүк ташуучу унааны текшерүү учурунда товарлар тиешелүү коштомо документтери жок ташылып баратканы белгилүү болгон.

Учурда бул факты боюнча тиешелүү чаралар көрүлүп, бюджетке түшүүгө тийиш болгон салык төлөмдөрүн өндүрүү боюнча иштер жүргүзүлүүдө.

Салык кызматы жарандарды жана ишкерлерди товарларды алып кирүүдө салык жана бажы мыйзамдарынын талаптарын сактоого чакырат.

Тектеш кабарлар

Back to top button