Коом

Акыйкатчы Жамиля Жаманбаева журналист Гүлжан Шерипбаеванын ишин жеке көзөмөлүнө алды

Акыйкатчы институтунун тиешелүү адистери журналист Гулжан Каримовна Шерипбаева менен СИЗО-1ден жолугушуп чыкты. 

Алардын айтымында, эч кандай кыйноо белгилери жок, ден соолугуна байланыштуу маселе жок, дары-дармек боюнча маселеси жок. 

Болгону журналист тергөөчүлөр таккан дооматтарга макул эмес экен. Журналист бул иш боюнча адвокаттар аркылуу анын баш коргоо чарасын өзгөртүү боюнча жогорку инстанциядагы сотко — шаардык сотко аппеляциялык арыз менен кайрылат экен. 

Акыйкатчы Жамиля Жаманбаева журналист Гүлжан Шерипбаеванын ишин жеке көзөмөлүнө алууда.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button