УКМК көмүрдүн баасын жасалма түрдө көтөрбөөнү эскертти

УКМК Ош облусунун аймагында көмүрдүн баасын жасалма түрдө көтөрүүгө жол берилбестигин эскертти.
Мекемеде көмүр казуучу компаниялардын өкүлдөрү, «Кыргызкомур» ААКсынын инвесторлору, отун базаларынын ээлери, ортомчулар жана көмүр сатуучулар, ошондой эле Ош шаарынын жана Ош облусунун жергиликтүү бийлик өкүлдөрү катышкан жыйын өттү.
Жолугушуунун жүрүшүндө калкты күз-кыш мезгилинде катуу отун менен камсыздоо маселеси жана көмүрдүн баасынын калыптанышы талкууланды. Бул маселелер аймактын тургундарынын нааразычылыгын жаратып жатканы белгиленди. Кеңешменин катышуучуларына коомдук пикирди манипуляциялоо максатында бааларды негизсиз жогорулатууга жол берилбеси түшүндүрүлдү.
Көмүр казуу менен алектенген ишкерлер жылытуу сезонуна карата отун базалары үчүн жер тилкелерин бөлүп берүү маселесин көтөрүштү. Алар мындай объектилерди өз каражаттарынын эсебинен курууга даяр экенин билдиришти. Бул өз кезегинде ортомчулук кызматтарга жана ташууга кеткен чыгымдарды кыскартып, көмүрдүн баасына оң таасир тийгизери белгиленди.
УКМК отун базаларын куруу үчүн жер тилкелерин трансформациялоо маселеси 2025–2026-жылдардагы жылытуу сезону аяктагандан кийин караларын маалымдады. Ал эми 2025-жылдын аягына чейин рынок катышуучуларына көмүрдүн баасын төмөндөтүү сунушталды. Комитеттин маалыматына ылайык, ишкерлер бул сунушту түшүнүү менен кабыл алып, макулдугун беришти.
УКМК КР мыйзам чегинен чыккан аракеттерге жана баа саясатын саботаж кылууга багытталган бардык аракеттер кылмыш жоопкерчилигинде караларын баса белгиледи.



