Дүйнө

Чехияда парламенттик шайлоо башталды

Жума жана ишемби күндөрү Чехияда парламенттин Депутаттар палатасына шайлоо өтөт. Бул тууралуу  интерфакс маалымат агенттиги билдирди.

Парламенттин мүчөлөрү 200 орундуу төмөнкү палатасына пропорционалдык өкүлчүлүк принциби боюнча төрт жылга шайланат.

Депутаттар палатасында өкүл болуу үчүн партия 5%дан кем эмес добуш алышы керек.

Таң калыштуусу бир дагы партия көпчүлүктү (50% плюс бир добуш) камсыздай албайт, ошондуктан эң көп добушка ээ болгон партия коалициялык сүйлөшүүлөрдү баштоого аргасыз болот.

Андан кийин гана Чехиянын президенти премьер-министрди дайындайт деп күтүлүүдө. Анда өкмөт депутаттар палатасынын ишенимин актоого тийиш.

Тектеш кабарлар

Back to top button