
“Ысык-Көлдөгү Кызыл-Омпол кенинде уран аз эле экен. Ал жерден 20 млн. тонна титаномагнетит, цирконий жана башка сейрек кездешүүчү металлдар чыгууда. Политех институтунун окумуштуулары алдын ала техникалык-экономикалык негиздемесин даярдап жатышат. Алар Кызыл-Омполдун тегерегинде эле 300 млрд. долларлык запас бар экенин айтууда”, — деди өкмөт башчы.
Жапаров жер казынасын иштетүүдө экологиялык жактан зыян келтире турган бир да технологияны киргизбей турганын белгиледи.
“Кудай берген байлыкты колдонуш керек да. Сауд Арабия мунай менен газдын пайдасын көрүп жатса, биз да ушул кендерибизден алышыбыз керек. Кумтөрдөй болуп алдатып ийип, 100-200 үй-бүлөнүн байышына жол бербейбиз”, — деди Жапаров.



