Коом
Күн ысыйт. 28-апрелге карата аба ырайы

Дүйшөмбүдө күндүз республиканын айрым жерлеринде жаан жаап, күн күркүрөйт. Бийик тоолуу райондордо кар жаашы ыктымал. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Абанын температурасы Талас аймагында 29…34, Чүй, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында 30…35, Ысык-Көл өрөөнүндө 19…24, Нарын жергесинде 21…26 градус жылуу болот.
Күндүн табы Бишкек менен Ош шаарларында 33…35 градуска чейин көтөрүлөт.



