Коом

Чүйдө колуна бычак кармап, көчөдө чуркап жүргөн адам кармалды

Чүйдүн Восток айылында колуна бычак кармап, көчөдө жүргөн адам кармалып, милицияга жеткирилди. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

Белгилүү болгондой, 8-июнда соцтармактарга Восток айылында көчөдө бычак көтөргөн адам айыл тургундарынын дарбазаларын каккылап жатканы тартылган видео тараган.

Бул факт каттоого алынып, териштирүү иштери башталган.

Окуя жерине милиция кызматкерлери барып, аталган жаран кармалып, милиция бөлүмүнө жеткирилген.

Милициядан билдиришкендей, кармалган жаран 40 жаштагы Восток айылынын тургуну болуп саналат. Ал мас абалында болгон.

“Учурда териштирүү иштери жүрүүдө. Анын жыйынтыгы менен коомдук тартипти бузган адамга карата мыйзамга ылайык чара көрүлөт”, — деп айтылат маалыматта.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button