Коом
Бишкектеги СИЗОго 6 литр коньяк алып кирүүгө аракет кылган аял кармалды

Бишкектеги СИЗО-1ге 6 литр коньякты бөтөлкөдөгү чайдын ордуна куюп киргизүүгө аракет кылышкан. Бул тууралуу ЖАКтан билдиришти.
Юстиция министрлигинин Жаза аткаруу кызматынын №21 мекемесинде 1995-жылы туулган жергиликтүү тургун Казакстандын жаранына тыюу салынган алкоголдук ичимдиктерди берүүгө аракет кылган учурда кармалды.
Ал таанымал болгон чайдын маркасындагы желим бөтөлкөлөргө куюлган алты литр коньяк берүүнү пландаган. Бул факты боюнча азыр тергөө амалдары жүрүп жатат.



