Коом

“Манас Ордо” масштабдуу жаңаланат

Cоңку 30 жыл ичинде “Манас Ордо” комплексинде биринчи ирет ири масштабдагы жаңылануу жүрүүдө. Реконструкциянын негизги максаты — имараттарды гана жаңылоо эмес, комплексти Борбор Азия чөлкөмүндөгү уникалдуу маданий жана технологиялык борбор катары өнүктүрүү.

Реконструкция иштерине 2024-жылы республикалык бюджеттен каржы каралып, төмөнкүдөй курулуштар пландаштырылган:

  • заманбап конгресс-холл;
  • жалпы аянты 1000 чарчы метрди түзгөн беш конок үйү;
  • эки кабаттуу администрациялык имарат.

Мындан сырткары, комплекс аймагын кеңейтүү иштери да каралган.

2025-жылдын 1-августунан тартып Улуттук тарыхый-архитектуралык “Манас Ордо” комплекси убактылуу жабылган.

Мындай чара коопсуздукту камсыз кылуу, музей фонддорунун сакталышын жана сапаттуу оңдоп-түзөө иштеринин жүрүшүн камсыздоо максатында көрүлүүдө. Комплексти жана анын курамындагы мавзолейди бул мезгил ичинде зыярат кылуу мүмкүн болбойт.

Министрлик коомчулукту ыңгайсыздык үчүн түшүнүү менен кабыл алууга чакырат жана жаңыланган “Манас Ордо” комплекси кайрадан элге эшигин ачарын билдирет.

Тектеш кабарлар

Back to top button