Спорт

Азия кубогу: КРдин футзал командасы Бишкекте үч оюн өткөрөт

Кыргызстандын футзал боюнча курама командасы Азия кубогу — 2024 оюндарына жолдомо алуу үчүн күч сынашат. Бул тууралуу өлкөнүн Футбол союзу (КФС) билдирди.

Тандоо турлары 7-11-октябрь күндөрү «Бишкек Арена» спорт оюн-зоок комплексинде өтөт. Кыргызстан С тайпасында күч сынашат. Улуттук команданын атаандаштары Иран, Ливан жана Мальдивдин футболчулары.

Билеттерди ticket.kg сайтынан сатып алса болот.

Оюндардын расписаниеси:

7-октябрь (ишемби)

Иран — Мальдив, башталышы саат 16:00;

Ливан — Кыргызстан, 19:00.

9-октябрь

Мальдив — Ливан, 16:00;

Кыргызстан — Иран, 19:00.

11-октябрь

Иран — Ливан, 16:00;

Кыргызстан — Мальдив, 19:00.

Азия кубогунун финалдык бөлүгү Таиландда 2024-жылы апрелде өтөт.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button