Коом

Ошто 400 орундуу жугуштуу оорулар ооруканасы жана онкологиялык борбор куруу пландалууда

Ош шаарында 400 орундуу жугуштуу оорулар ооруканасын жана жаңы онкологиялык борбор куруу пландалууда. Долбоорлорду Ислам өнүктүрүү банкынын катышуусунда ишке ашыруу каралууда. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.

Банктын өкүлдөрү медициналык мекемелер курула турган жерлерди көрүп чыгышты.

Маалыматка ылайык, онкологиялык борборду Толойкон айылындагы мурдагы балдар кургак учук санаторийинин аймагына жайгаштыруу пландалууда. Ал эми 400 орундуу жугуштуу оорулар ооруканасы Кен-Сай конушунда курулат.

Иш сапардын алкагында банктын өкүлдөрү Ош шаарынын вице-мэри Масуда Айдарбекова менен жолугуп, долбоорлорду ишке ашыруунун кийинки кадамдарын талкуулашты.

Ошто жугуштуу оорулар ооруканасынын жана онкологиялык борбордун жетишсиздиги буга чейин Жогорку Кеңеште жана Элдик курултайда да көтөрүлгөн. Депутат Салтанат Аманова түштүк аймактын тургундары да дарылангандыктан, балдар жана чоңдор үчүн жаңы жугуштуу оорулар ооруканасын курууну сунуштаган.

Ал эми курултайдын делегаты Анаркан Айдарова шаардагы онкологиялык бейтаптар мурдагы бала бакчанын имаратында кабыл алынып, ал жерде операциялар да жасаларын билдирген.

Тектеш кабарлар

Back to top button