Бишкектеги 10 тез татым жайы жабылды

Адамдар шаурмага уулангандан кийин Бишкектеги 10 тез татым жайы жабылды.
Эки күндүк текшерүүдө тез тамактануучу жайларга 568 миң сомго 36 протокол түзүлдү. Борбор калаанын Санэпидкөзөмөл органы билдиргендей, 10 тез тамактануучу жайда косметикалык ремонт жүргүзүлүп, идиш менен жашылчаны жууган өзүнчө раковиналар орнотулмай болду. Ал эми жумушчулар медициналык көзөмөлдөн өтүүгө милдеттендирилди.
Окуянын чоо-жайы:
▪️Бишкектин жашоочулары 30-сентябрда ооруканага түшө баштаган. Бир жерден 50, экинчисинен 17 адам ууланган. Чуу жараткан окуядан кийин дагы төрт адам арызданган. Шаурманы башка жерден жеген
▪️36 адам ооруканага түштү. Алардын бешөө балдар
▪️Текшерүү иши Свердлов жана Биринчи май райондорунда жүргүзүлүүдө. Эртең Октябрь жана Ленин райондорунда башталат. Шаарда жалпысынан такай иштеген 200 тез татым жайы бар.



