Коом

Бишкекте 5 мектеп, бир университетке бомба коюлганы айтылды

Бишкектеги беш мектепке бомба коюлгандыгы тууралуу маалымат түшүп, окуучулар эвакуацияланды

Маалым болгондой, № 69, 33, 89, 67 орто мектептерине жана «Илим» менчик мектебинин электрондук дарегине имаратка жардыруучу зат коюлгандыгы боюнча кат келген.

Ушундай эле маалымат Кыргыз-Россия Славян университетинин башкы корпусуна да түшүп, ал жактагылар да эвакуацияланган.

Буга чейин да бир нече мектепке бомба коюлгандыгы тууралуу маалымат түшүп, кийин ал тууралуу жалган кабар тараткан окуучулар кармалган.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button